“Эл азыр “2005-жылдагы революциядан кийин Аскар Акаевдин байлыктары кимдердин колуна өттү, 2010-жылдагы революциядан кийин Бакиевдин байлыктары кимдердин колуна өттү, эми Атамбаевдин байлыгы кимдердин колуна өтөт?” деген суроолорго жооп күтүп жатат”, – деп билдирди бүгүн, 15-майда “Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Максат Мамытканов “Вечерний Бишкек” басылмасына берген интервьюсунда.
“Ал кезде Акаев менен Бакиевдердин байлыктары элге, мамлекетке өтүш керек эле да. Эгер Кубанычбек Жумалиевдин экс-президент Аскар Акаевдин байлыктарына тиешеси жок болсо, анда маселе жок. Бийлик эки туура кадам жасады. Биринчиси – Сыймык Жапыкеевди текшерүү, экинчиси – Кубанычбек Жумалиевди текшерүүгө алуу. Жумалиев байлыктарынын кайдан чыкканын далилдеп берсин”, – деди Максат Мамытканов.
Эске сала кетсек, кечээ, 14-майда “Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев КСДПчы депутат Чыныбай Турсунбековдун байлыгын да текшерүүнү талап кылган. Анткени 2010-жылдагы революциядан кийин Бакиевдерге тиешелүү Бишкек ликер-арак заводу жана “Акылинвестбанкы” элдик ишканага айланбай табышмактуу жолдор менен текейден арзан акчага Чыныбай Турсунбековдун колуна өтүп кеткен. Бул тууралу ММКлар жазып келатканына карабай Алмаз Атамбаевдин колтугуна кирип алган Чыныбай Турсунбеков ишти жаап-жашырып жүргөн. Эми ал сырларды ачууга мезгил жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
Видео: “Чоң казат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ