Бүгүн, 16-майга карата Кыргызстанда 6 адамдан коронавирус табылган, алардын ичинен үчөөсү оор жүк ташыган айдоочулар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, алардын катарында бир Казакстандын жараны да бар. Ал айдоочу Кыргызстанга жүк алып келип, чек арадан ПЧР-тест тапшырган.
“Айдоочу жүгүн түшүрүп эле, кайра Казакстанга кирип кеткен. Алынган анализ оң натыйжа көрсөткөн. Министрлик Кордай районунун медициналык кызматкерлерине ал айдоочуну көзөмөлгө алууну айтышкан” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
“Ал эми калган 3 учур мурун коронавируска чалдыккандар менен тыгыз байланышта болгон адамдардын арасынан табылган” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ