Menu

Видео – Максат Мамытканов, “Чоң казатчы”: “Өкмөт менен канадалыктар азыр жумушсуз калган Темир Сариев аркылуу “Кумтөрдү сатыш керек” деп элдин маанайын текшерип жатат”

Бөлүшүү:

“Темир Сариев “Кумтөр” алтын кениндеги Кыргызстандын үлүшүнүн бир бөлүгүн 200 млн долларга саталы дейт, муну менен Темир Сариев кыргыздардын оюн текшерип жатат. Кыргыздар ушул сунушка көнөбү же көнбөйбү деп. Кыргыздар кандай кабыл алат, түшүнөбү же жокпу, буга учур келдиби же жокпу деп текшерүүдө. Темир Сариев аркылуу биздин өкмөт менен Канадалыктар да бизди текшерип жатышат: сатып жиберсек эл кандай кабыл алат деп. Өкмөт да, канадалыктар да мындайды элге айта албайт, ошондуктан эки жака тең тиешеси бар, азыр жумушсуз жүргөн Темир Сариевди пайдаланып жатышат”, – деп билдирди “Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Максат Мамытканов кыймылдын видеоканалы аркылуу.

“Эгер бүгүн дүйнөлүк рынокто алтындын баасы 5000 долларга чыкса, ойлонсо болмок, анткени анда биздин акцияларыбыздын көлөмү 2 млрд долларга чыгып кетмек бир күндө. Бирок алтындын баасы өспөй жатпайбы. Биз кыргыздар азыр эртең боло турган экологиялык проблемаларды чечип калышыбыз керек, алтын эртең түгөнөт. Ал жерде 150 млн тонна цианид калат, анын ичинде да 1000 тонна алтын болот…” – деди Максат Мамытканов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: