Menu

Эрнест Шакитов, блогер: “Орускулдар Дастан акени орусча билбейт экен дешет, орусча жакшы билген Акаев, Бакиев, Атамбаевдер кыргызды итке мингизишпедиби?”

Бөлүшүү:

Кечээ Дастан аке жөнүндө жаздым эле, өзүмчө тамашалап, костюмуна, анан түшкөн сүрөтүнө тийишип…
Бүгүн Дастан аке Энеси менен түшкөн сүрөтүн көрүп кыйла ойлонуп калдым. Азыр интернетте баарыбыз ушул кишиге асылып жатабыз.
Тигил аттарына заттары жарашпаган депутаттар деле кечээ асылып алышыптыр, андай эмес, мындай эмес дешип. С… Маймылдар!
Азыр интернетте анча-мынча аттуу-баштуу агалар, эжелер, ошондой эле мага окшогон майда-чүйдөлөр деле сынчы болуп алдык!

Айрыкча улгайып калган агалар, эжелер бириңер дагы кой деп жазбадыңар, азыркы сынчы жаштарга.
“Койгула, уят болот”, деп жазып койсоңор болмок, тескерисинче жаштарга кошулуп алып жыртаңдап олтурасыңар!
Демократиядан, сөз эркиндигинен сырткары, улуттун жеке тарбиясы деген бар кыргызда!
Ал нерсени силер улуулар күндөн-күнгө жоготуп жатасыңар.
Уят.

Азыркы парламентти Дастан алып келген эмес, биз Дастанды жаман көрүп сындагыдай.

Дастан аке орусча жакшы окуй албайт экен, же болбосо кыргызча жакшы түшүндүрө албайт экен деп жатабыз.
Орус тилдин эмнеге кереги бар негизи бизге? 100 жылдан бери орусча жашап, орусча сүйлөп эчтеке жетишпедик го. Акылыңарга качан киресиңер,
Кулдар.

Орус тилдүү Акаев, Бакиев, Атамбаев эмне кылышты? Же болбосо Танаев, Чудиновдор кандай акыбалга алып келишти кыргыз тилдүү кыргызды, жадай элексиңерби дагы деле орус тилдүү кулдардан.

Же орусча жакшы окуган, билген силер эмнеге жетиштиңер? Же орус тилиңер менен Орусияны багынтпадыңар ыр жазып, китеп жазып дегендей. Жүрөсүңөр…
Анан дагы “бизди Орусияга уят кылып жатат” деп алат экенсиңер, Орусияга Дастан аке спикер боло электе эле Акаев, Бакиев, Атамбаев кул кылып уят кылып койгон.

Өзүбүздү-өзүбүз кыйнабайлы да, сыйлуу кыргыз бололу да. Бизге сырткы адамдардын тарбиясы кереги жок, өзүбүздүн кыргыз тарбияны өнүктүрөйлү да.

“Улууга урмат, кичүүгө ызат”  деген баалулугубузду унутпайлы эч качан.

Дастан аке энеси менен түшкөн сүрөтү экен, интернеттен көрүп калып, көчүрүп алдым.
Дастан акенин энесин карагыла, энесинин нурун карагыла, бактылуулугунда чек жок!

Кыйын Эне болгон үчүн бир баласы дүйнөгө таанылган врач, экинчи баласы кыргыздын депутаты болуп жатат.

Сынды азайтайлы. Өзүбүзгө сын коёлу!

Энелер күнү менен, Энелер бар болушсун.

Эрнест Шакитов, блогер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: