Чүй облусунда санитардык-карантиндик посттордун саны кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда Чүй облусунда 330дан ашык посттор уюшулган.
“Бишкек комендатурасы тарабынан дагы 14 пост орнотулган. Учурда 9 пост калды. Алар Аламүдүн жана Сокулук районунда орнотулган. Посттордо иштегендерге 3 маал ысык тамак берилүүдө”, – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ