Menu

Бишкекте ифтар үчүн ачылган чайхананын ээсине айып салынды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында Асаналиев көчөсүндө жайгашкан чайхана карантиндик талапты бузуп, ифтар кылуу үчүн кардарларды кабыл алып жаткан. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

ӨКМнын, Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, райондук ички иштер башкармалыгынын жана акимиаттын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топ чайханага текшерүү үчүн барганда, анын бардык кабинкалары бош эмес экенин көрүшкөн.

“Персонал толук курамда иштеп жаткан. Кафенин ээси мындай көрүнүштү өздөрүнүн адамдарына ооз ачуу уюштуруп жатканы менен түшүндүргөн. Чайхананын ээсине карата бузуулар кодексине ылайык, протокол түзүлүп, айып салынды”, – деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, санитардык жана карантиндик эрежелердин талаптарын бузгандарга экинчи категориядагы айып салынат. Ага ылайык, жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: