Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 20-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй облусунун айрым аймактарында, Талас, Нарын облустарында, тоо этектеринде жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +20… +25,
Таласта түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +19…+24,
Баткенде түнкүсүн: +8… +13, күндүз: +22…+27,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +22…+27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +14…+19,
Нарында түнкүсүн: +2…+7, күндүз: +15…+20,
Бишкекте түнкүсүн +9…+11, күндүз: +22…+24.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ