Menu

Парламент комитети беш пайыздык чекти колдогон жок

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу каралган мыйзам долбоорун четке какты.

Долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан. Алар шайлоо чегин мүмкүн болушунча азайтуу керек экенин, беш пайыздык босого парламентке көбүрөөк партиянын келишин жана добуш берүү калыс өтүшүн шарттай турганын жүйө келтиришти.

Шайлоо чеги тууралуу эки мыйзам долбоору сунушталган.

14-майдагы сессияда босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу башка мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуш кылган долбоордун демилгечилери «парламентте кош стандарттуулукка жол берилип жатат» деп нааразылык билдирип чыгышкан. Тармактык комитет маселени карай турган болгон. Натыйжада 19-майда комитеттеги жыйында беш пайыздык босого тууралуу мыйзам долбоору өткөн жок. Комитет азыр башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун талкуулоого киришти.

14-майда биринчи окуудан өткөн документ «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат. Биринчи окуудан кийин ал экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Демилгечи депутаттар аны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого чейин кабыл алууга үлгүрүш керек экенин айтышкан.

Бул мыйзам долбоору 7-февралда коомдук талкууга чыгарылган. Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайызга, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: