Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы юрист Бакытбек Афтандилдин кайрылуусуна карата билдирүү жасайт:
Республиканын аймагында COVID-19 жайылуу коркунучуна, ошондой эле Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал жана өлкөдө өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, ЖАМК соттолгон адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында камактагыларга кирүүгө жана аларды башка жайларга өткөрүп берүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизген. Мурда бир нече жолу кабар бергенибиздей, мына ушул абалга карата адвокаттар жана башка адамдар соттолгондор менен жолугушуу үчүн коронавируска карата текшерилип, натыйжасы терс болсо гана өз кардарларын көрө алышат.
Ошондой эле, Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун өкүлдөрү жана жеке адвокаттар жогорудагы талаптарга ылайык, ПЦР тестинен өтүп, медициналык күбөлүктөрү жана жеке коргонуу каражаттары менен пенитенциардык мекемеде боло алышат.
Өзгөчө адамдар үчүн дагы бир жолу билдиребиз, камактагылардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убактылуу кармоочу жайга барардан мурда COVID-19 жок экендиги боюнча тийиштүү экспертизадан өтүшү зарыл жана күбөлүк менен убактылуу кармоочу жайга барсаңыз болот. Ушул эле талаптар башка адамдарга, анын ичинде камалгандардын туугандарына да колдонулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ