Нарын облусунда 8 жарандан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 6 бейтап Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев түз эфирде билдирди.
“Нарын облусундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Мындан тышкары 2 укук коргоо кызматкеринен инфекция аныкталды” – деди Нурболот Үсөнбаев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 21-майда өлкөдө 43 жаран коронавирус жуктуруп алды. Ал эми жалпы саны 1313.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ