Menu

Муфтият: 24-майда аянттарда жана мечиттерде айт намазы окулбайт

Бөлүшүү:

24-майда, Орозо айт майрамында аянттарда жана мечиттерде айт намазы окулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Кыргызстан дин башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

“Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз” – деп айтылат маалыматта.

Муфтий Максатбек Токтомушев 24-май күнү саат 07: 00дөн 07:30га чейин мамлекеттик телеканалда орозо айтка карата куттуктоо жана кайрылуу жасайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: