Нарын облусунан Ак-Талаа районунда эки келин 18 кишиге коронавирус жуктурган. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Кечээ Ак-Талаа районунда коронавирустун 18 учуру аныкталды деген маалымат түшкөн. Ал жакка Нарын облустук ооруканасынан төрөт бөлүмүнөн чыккан 2 келин барганы белгилүү болду. Алар жакын туугандары менен байланышып, 11 адамдан коронавирус аныкталды. Андан кийин дагы бир нече учурлар аныкталды. Натыйжада эки аялдан вирус 18 кишиге жуккан” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Ал эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп, милиция алар менен байланышкан адамдардын тизмеси түзүп, кылдат иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 1365 адамдан коронавирус табылган, алардын ичинен 949 жаран оорудан сакайган, 14 киши илдеттен улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ