Menu

Өзбек бийлиги карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал экенин эскертти

Бөлүшүү:

Өзбекстандын башкы мамлекеттик санитардык инспектору Нурмат Отабеков эгер эрежелер сакталбаса, карантин чаралары күчөтүлүп, өзбекстандыктар кайрадан үйдөн чыкпай калышы ыктымал экенин эскертти.

«Өзбекстанда карантиндик иш-чаралар уланууда. Аларды эч ким алып таштаган жок. Арабызда коронавирус инфекциясын алып жүргөн оорулуулар жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Тилекке каршы, соңку күндөрү карантинге алынбаган кишилердин арасынан коронавирус жуктурган учурлар аныкталууда. Буга байланыштуу бардык талаптар сакталышы керек», – деди Нурмат Отабеков.

Анын айтымында, эгер өзбекстандыктар карантин чараларын сактабаса, абал оорлоп кетиши ыктымал.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандарды саны 3164 кишиге жетти. Жалпысынан 2565 адам айыгып, 13 бейтап көз жумду.

Учурда өлкөдө 44 миң киши карантинде, алардын ичинен 18 миңден ашуун адам стационардык шартта көзөмөлгө алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: