Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 28 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 14 адам,
– Нарын облусунан – 8 адам,
– Жалал-Абад обусунан – 6.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 1043 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ