Menu

Мамдума депутаты эмгек мигранттарына электрондук билерик тагууну сунуштады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик дума депутаты Максим Иванов эмгек мигранттарына маалымат камтылган электрондук билериктерди тагууну сунуштады.

«Бул аталган тармактагы көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн арттырат. Расмий статистика боюнча 2017-жылы Орусия ИИМи 136 укук бузууларды аныктаган. Чөнтөккө толтура кагаз документтерди салып жүргөнчө, анын баарын электрондоштуруу сунушталууда. Ким аны колуна таккысы келбесе, чөнтөгүнө салып жүрсүн. Бул эмгек мигрантынын жашоосун жеңилдетет», – деп жазды депутат Фейсбукка.

Иванов Федералдык миграция кызматынын текшерүүлөрү ыңгайлуу болуп каларын белгиледи.

Мигранттарга билерик тагууну беш жыл мурун Коомдук палатада дагы сунушташкан. Анда спутник аркылуу көзөмөл жүргүзүү жана “иш берүүчүлөрдүн кара тизмесин” түзүү каралган. Чиновниктердин пикиринде, легалсыз миграция масесесин чечүүдө орус мыйзамдары алсыздык кылууда.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: