Жакартада өтүп жаткан Азия оюндарында казакстандык жеңил атлет Ольга Рыпакова үч жолку секирүүдөн алтын медаль утуп алды. Экинчи орунду тайланддык, үчүнчү орунду вьетнамдык атлет багындырды.
Рыспакова 2010-жылы да Азия чемпиону болгон. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада күмүш, 2012-жылы Лондондо, 2016-жылы Риодо өткөн олимпиадада коло медаль алган.
Учурда Казакстан жалпы командалык эсепте 10унчу орунда келе жатат. Өлкө капчыгында 11 алтын, 11 күмүш, 38 коло медаль бар.
Мелдеш 2-сентябрда жыйынтыкталат.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ