Сузакта өзүнө бензин чачып өрт коюп жиберген Базар-Коргон районунун 1996-жылы туулган тургуну кечээ, 26-майда көз жумду. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчилиги ырастады.
Маалым болгондой, ал ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Маркум жигит 24 жашта болчу.
Эскерте кетсек, 25-майда Базар-Коргон районунун 24 жаштагы тургуну өзүнө бензин чачып өрттөп, денеси 98% күйүп калганы кабарланган.
Маалым болгондой, жанындагы үйдүн ээсинин денеси 35% күйгөн. Экөө тең ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Маркум жигит Базар-Коргон районунан Сузак районуна үйлөнүү үчүн кыздын ата-энесинин макулдугун алууга келген. Бирок кыздын атасы кызы жаш экенин айтып, баш тартканга ачууланган жигит өзүнө бензин чачып, өрт коюп жиберген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ