Кыргызстанда коронавирус менен ооруп жаткан 158 бала айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, өлкөдө коронавирус катталганден бери жалпысынан 200 бала ооруга чалдыккан.
“Алардын көбүндө оорунун симптому жок болду. Кээ бир учурларда эле оорунун белгилери байкалды” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 1594 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 1066 бейтап айыгып, 16 адам илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ