Бүгүн, 28-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда депутат Таабалды Тиллаев Россиядагы мекендештер жана Баткен облусундагы жазгы талаа иштери боюнча сөз козгоду.
Анын айтымында, өзгөчө катуу ооруп жаткан жарандар мекенке кайтуу үчүн мүмкүнчүлүк ала албай жатат.
“Элчилик аракетин кылып жатат. Бирок тийиштүү физикалык жактан жетишпей жатышат. Өзгөчө катуу ооругандар мекенге келүү үчүн мүмкүнчүлүк ала албай жатышат. Түшүндүрүү иштери, моралдык жагынан колдоо иштери жакшы жүргүзүлбөй жатат. Алардын көпчүлүгү бизге кайрылып жатышат” – деп билдирди депутат Тиллаев.
Андан тышкары, Баткен облусунда жазгы талаа иштери аяктап, мөмө-жемиштер бышып калды. Ошол мөмө-жемиштерди сатууда же болбосо башка жака алып чыгууда маселе жаралууда. Ушул маселени чечип, дыйкандарга мүмкүнчүлүк берсек деген ой-пикирин билдирди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ