Бүгүн, 28-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул жыйында бир нече депутаттар Кыргызстандагы маселелерди көтөрүп жатат. Анын ичинен депутат Экмат Байбакпаев Тажикстандагы этникалык кыргыздарга жардам берүү керектигин айтып чыкты.
“Азыркы тапта пандемияга байланыштуу Жерге-Талда кырдаал оор. Район биздин борбордон да, Дүйшөмбү шаарынан да алыс жайгашкан. Ара жолдо калган элге кыйын кырдаалда гуманитардык жардам беришибиз керек”, – деди депутат. Ал өкмөттү жана Тышкы иштер министрин аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ