Menu

Уурулук кылган чиновник-окумуштуулар

Бөлүшүү:

Биздин эл башкарган, депутаттык төш белги тагынып, мандат көтөргөн “жакшылардын” көпчүлүгүнүн эле “илимдин кандидаты же доктору” деген да илимий даражалары да бар эмеспи. Эгер статистикалык маалыматтарга таянсак, өлкөбүздө 800дөн ашуун илимдин доктору жана 400дөй кандидаты бар экен. Логика боюнча мынчалык көп сандагы окумуштуулары бар мамлекеттин экономикасы гана өнүкпөстөн, илимий-техникалык ачылыштар жасалып, космоско ракета учурбаса да, жок дегенде Кытайда студенттер жасагандай робот, электромобилдерди чыгарыш керек болчу. Тилекке каршы иш жүзүндө баардыгы тескерисинче. Жада калса велосипед менен ат араба да жасай албадык. Ал эми мамлекеттен жылына жарым миллиард сомго каржыланган Улуттук илимдер академиясы ишке ашпаган, көрсөтмө үчүн гана күндөн, шамалдан энергия алуучу жеке ишкерлердин аппараттарын ар кайсы көргөзмөлөрдө өзүнүкү кылып көрсөтүп жүргөнү болбосо, жалаң эч ким окубаган китеп чыгаруучу гана мекемеге айланып, Китеп палатасынын функциясын аткарууда. Көптөн бери россиялык “Диссернет” уюму кыргыз чиновник-окумуштууларынын докторлук, кандидаттык иштери плагиат экендигин айтып келүүдө. Көрсө, том-том илимий эмгек жазгандар орус окумуштууларынын эле эмгегин үтүр, чекитине чейин көчүрүп алышып, ашып кетсе бир аз бурмалап коюшат экен. 2013-жылы түзүлгөн бул уюм Орусияда миңден ашык, Кыргызстандагы 600дөй диссертациялык иштерди текшерип, алардын дээрлик баардыгы башка авторлордон көчүрүп алынгандыгын далилдеп чыккан. «Диссернеттин» негиздөөчүсү, физика-математика илимдеринин доктору Андрей Ростовцев кыргызстандык окумуштуулар диссертацияларында Орусия окумуштууларынын эмгектерин пайдаланганын ырастап: “Бизде орусиялык окумуштуулардын тексттеринин баары бар. Биз алар менен өтө тыгыз иштешебиз. Программа бул тексттерге окшош, бирок Орусияда жакталбаган башка тексттерди көрүп турат. Биз карап чыктык, көрсө алар Кыргызстанда экен”,- деди. Чындыгында илимий эмгектерди беките турган Жогорку аттестациялык комиссия өзү коррупцияга белчесинен батып калган. Себеби бир да илимий эмгек акчасыз бекитилбейт. Ал эми “илимдин доктору же кандидаты” деген даража биздин чиновниктердин саясый карьерасына жол ачып, аш-тойдо даражасын жогорулатуучу курал катары гана колдонулуп калган. Көрсө, биздин чиновниктер чет элдиктерден алган кредит, гранттарды гана эмес, илимий иштерди да уурдап жатышкан турбайбы.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: