Республикалык штабдын тапшырмасы менен Баткен облустук штабы чектөөлөрдү кайра карап чыгышты.
Көрүлгөн чараларды кайра карап чыгууда коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын жергиликтүү бийликке кайрылуусу чектөөлөр алардын жашоо шартына түздөн-түз таасир этери эске алынды. Ошондой эле коомдук транспортто, мал базарларда, мечиттерде жана соода борборлорунда санитардык талаптарды так сактоого алардын даярдыгы каралды.
Буга байланыштуу аймактык штаб дагы чектөөлөрдү кайра карап чыгып, санитардык талаптарга ылайык иштөөгө уруксат берди.
Ошол эле учурда бет кап режиминин сакталышына катуу көзөмөл жана тойлорду, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө чектөөлөр сакталат.
Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, ресторандарда жана коомдук жайларда санитардык талаптарды сактоо максатында рейддер жана дезинфекциялар күн сайын өткөрүлүп, мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ