“Бишкек шаарынын кире беришинде орнотулган санитардык-карантиндик посттордо текшерүү иштери солгундап калганын баарыбыз байкадык” – деп билдирди бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн брифингде суроолорго жооп берип жатып.
“Алар 3 айдан бери тынбай иштеп, чарчап калышы да мүмкүн. Бир ишти кайра-кайра жасай берип, аягында жакшы көңүл бурбай калган да маселе чыгышы мүмкүн. Бирок, текшерүүнү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Карантин режими киргизилгенден кийин анын эрежелерин так, толук сактоого аракеттерди көрүшүбүз керек” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ