Menu

Панфилов районунда жеңил автоунаа оодарылып кетип, айдоочусу жеринен каза болду

Бөлүшүү:

Панфилов районунда жол кырсыгынын кесепетинен жеңил автоунаанын айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча, жол кырсыгы күн мурун, 28-майда болжол менен саат 19:20да Чалдовар – Чолок-Арык унаа жолунда болгон.

“Subaru Forester” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден мерт кеткен. Унаадагы эки жүргүнчү Панфилов аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: