Menu

Видео – Чынгыз Молдокеев: “Мени УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев, вице-мэр Алмаз Бакетаев достору менен келип, топтошуп сабашты”

Бөлүшүү:

“Мен 26-май күнү кечинде жумуштарым менен жүрүп келип, короого машинамды коюп үйгө кирсем, алыска кетишкен кайната-кайненем келишкен экен. Жубайым бүгүн 7 жашар балабызды короодогу 11-12 жаштардагы тартипсиз балдар сабап кетишкенин айтты. “Калганын анан айтып бересин” деп экөөбүз азык-түлүк алганы чыгып баратсак биздин подъездге жулунган 3-4 эркек менен 2-3 аял кирип келишти да алдындагы олбурлуу неме: “ты отец?” деп сурап эле жооп күтпөстөн мени жерге жыга чапты. Анан тепкилеп киришти”, – деп билдирди бүгүн, 30-майда жабырлануучу Чынгыз Молдокеев Бишкектеги N4-травматологиялык ооруканасында жаткан жеринен биздин кабарчыларга маек берип.

“Ал чапкан адам Айманбаев экен, ал кишини мен короодон көрүп жүрчүмүн, бирок аты-жөнүн билчү эмесмин. Ал киши биздин үйдө жашабайт, карама-каршы турган үйдө жашайт экен. Бирөөлөрү буттарыман тартып кармап сабап кетишти. Сабоо көпкө эле созулду. Анан Бакетаев чыгып, аларга жардам берди. Айманбаев уруп жатканда Бакетаев кармап турду. Өзү да чапты. Артыма чаап алды. Аялымды да сабашты, мен аялыма жардам бере албай калдым… Саат кечки 9дан өтүп калган эле, кеч кирип калган. Мени биздин үйдүн подъездинин ичинен сабашты. Мен үйдөн чыкканда алар подъезддин жанынан күтүп турушкан экен. Мен лифттен чыкканда эле сабап киришти. Менин үйүмөн ал подъездден башка чыга турчу эшик жок. Анан ал жерде видеокамера да жок, жаш балдар велосипеддерин койчу жер. Ал жерде мен жана аялым экөөбүз эле болчубуз. Коңшулардан Бакетаев эле болду. Калгандары кийин башка үйлөрдөн келгендер болду. Ал жерде видеокамера жок экенин билип, ошол жерде сабоого атайын даярданышып алган экен. Мен алгач алардын кол салуусунун себебин да билбей калдым. Кийин гана мен өзүмө келгенде айтышты “Айманбаев менен Бакетаевдин 11-12 жаштагы балдары менин 7 жаштагы уулумду сабап кетишип, жаңжал болгон” дешип. Мен ойлодум “жаш балдар үчүн биринчи келип мени менен жай эле түшүндүрүп, сүйлөшсө болмок” деп… Чынгыз Айманбаев менен Алмаз Бакетаевди жана алар менен бирге жүргөн 3 досун наркологиялык экспертизадан өткөрүшсүн, ооздорунан буркурап жыттанып турган. Мен да өтүүгө даярмын..”, – деди Чынгыз Молдокеев.

https://www.youtube.com/watch?v=OIH-BjfYBzU&t=143s

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: