Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Бүгүн баланы окутуп убара болбой эле акчалуу  саясатчыга шоопур, завхоз, секретарь кылып койсоң эле болду деген пикир элде жаралып калды»

Бөлүшүү:

Өлкөбүздө болуп жаткан саясий процесстерге баа берип, алардын маани-маңызын чечмелеп берүү максатында саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров менен пикир алмашып келебиз. Бул сапар да окурман журтчулугуна маектин жаңы түрмөгүн тартууламакчыбыз.

— Табылды мырза, кыргыз коомчулугунун бүгүнкү абалы канааттандырарлыкпы? СССР учурунда кыргыздар артта калган эл деп айтылып келди эле. Бүгүн чама-чаркыбыз, абалыбыз кандай?

— Менимче коомдун саясий жана менталдык абалы өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерди туура түшүнүүгө жардам берет. Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн бери өзүнүн саясий системасын калыптандыра албай, олку-солку абалда болуп келет. Ошол кезде Аскар Акаев “Биз президенттик системаны киргизишибиз керек. Бизге Франциянын модели туура келет. Бийлик төмөндөн жогору карай тизилген. Айыл өкмөтүнөн президенттик институтка чейин жоопкерчилик бирдей болушу шарт. Кылмыш кылса президент да жооп бериши керек” деп айткан эле. Ошол кезде Францияда Ф. Миттеран президент болуп турган. Кийин ага президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш иши ачылып, ал соттолду. Акаев чынында эле ылдыйдан өйдө карай бийликтин пирамидасын түздү. Айыл өкмөтү, акимият, губернатор, өкмөт башчы, президент деп аткаруу бийлиги түзүлдү. Бүгүн аны мындан да мыктылап, жаңылоого аракеттер болуп жатат. Бирок, ошол эле учурда Акаев да Миттерандай эле же андан да жаман абалда калды. Революциянын негизинде өлкөдөн куулуп чыгып, бийликтен жылбышты. Башкача айтканда Акаев өзү түзгөн жана түптөлүшүнө өзү салым кошкон жаңы кландык кыргыз бизнесинин тепсендисинде калды. Алар байып алгандан кийин Аскар Акаевдин кереги жок болуп калды. Бирок, Акаевди кууп чыгып, ордуна келген Бакиев деле жыргап кеткен жок. Тууган-уругун өзгөчө тукум катары көрсөтүп, баардык бийликти ээлеп алышканы менен алар да кулады. Мына ушуга карап ой жүгүртсөк, кыргыз коомчулугу салыштырмалуу жогорку эле деңгээлдеги эл. Анткени, биздин элди алдаса болот, бирок дайыма жана көпкө алдоого болбойт. Себеби, кыргызстандыктар Африканын же Аравиянын караңгы элиндей эмес. Билимдүү калк. Баары өлкөдө эмне болуп жатканын анализдеп, билип, туюп турат. Кыргызстанда болуп өткөн эки революция чектен чыгып бийлик жүргүзүүгө болбой турганын далилдеди. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери элдин саясий лидерлерге бир эле талабы бар. Ал эки революциянын сабагы менен шайкеш. Элдин талабы өлкөдө демократияны куруу, биздин укум-тукумубуз демократиялык мамлекетте түбөлүктүү жашоосун камсыз кылуу. Кимде-ким буга каршы бийлик жүргүзсө, аракеттенсе, анын эсебин эл табат. Конституциялык нормаларга ылайык бийлик бутагы – эл. Конституцияга таянып, бийликти алып коюшу мүмкүн.

— 7-апрель революциясынан кийин көп партиялуулук системага жол ачылды. Бирок, партиялар бийликке ээ болдубу же Акаев-Бакиевдин учурундагыдай эле бир үй-бүлө жана клан бийлеп жатабы? Жакында эле президент Атамбаевдин мурунку дагы бир шоопуру Түркияга жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы Кытайга элчи болуп бекибедиби?

— Туура, 7-апрель революциясынан кийин өлкөдө көп партиялуулук системанын түзүлүшүнө чоң шарттар түзүлдү. 2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча өлкө парламенттик деп таанылып, көп партиялуулук мыйзамдаштарылып, саясий конкуренцияга жол ачылган. Демократиялык шайлоолор болуп, 5 партия парламентке келди. Бул 7-апрель революциясынын эң башкы жеңиштеринин бири десек болот. Бирок, ошол эле учурда кийинки парламенттик шайлоолордо бул Конституциялык укук, демилгелер талкаланган. Парламенттик шайлоолордо дежур же клон партиялар пайда болду. Башкача айтканда бийлик кайрадан өлкөнү көзөмөлгө алгысы келди. Жайынтыгында парламенттин босогосун клон партиялар аттады. Анын негизинде парламент эч нерсеге жарабаган институтка айланды. Партиялардын тизмелери 7-этаждын контролунда түзүлгөндүктөн парламенттин сапаты да өтө начар болуп калды. Ошого эл бүгүн парламентти жактырбай, шылдыңга алып жатат. Партиялар эркин эмес. Депутаттар, саясатчылар партиялардын баары бийликтен көз каранды. Партиялар лидерлеринен көз каранды. Ошондуктан, ал гана эмес КСДП партиясы да бүгүн Өкмөттү жана өлкөнү контролдой албайт. Саясатчылар, депутаттар, эксперттер президент жана анын тегереги КСДПны жөн гана өзүлөрүнүн кызыкчылыктарында пайдалануу үчүн колдонуп жатышаарын айтып келүүдө. Президенттин аппараты жана тегереги жаңы клан, жаңы каста болуп чыга келди. Булар бийликти, партиялардын баарын контролго алып келет. Мисалы, кадр саясатын алалы. Эгерде мурда жогорку кызматтарга президенттин жансакчылары, жардамчылары, секретаршалары көрсөтүлгөн болсо, эми бүгүн булардын тууган-уруктары да көрсөтүлүп калды. 20 жылдан бери КСДПда мүчө болуп же анын калыптанышына салымын кошуп келген адамдар, алардын урук-тууганы эсепке кирбей калышты. Лидердин тегереги баарын монополдоштуруп алды. Өлкөдө пайда болгон жаңы кланды же кастаны Өмүрбек Текебаевдин “президент өзүнүн эмчектеш туугандары” деп баалап, “ошолорго таянып бийлик жүргүзүп жатат” дегени бар. Эл ичинде “Президент өзүнүн ишсиз калган шоопурларына, жансакчыларына, завхозуна кызмат берип жатат, кызык заман болду го. Балдарды окутпай эле бир байга шоопур, жансакчы кылып койгондон өтөөрү жок болуп калды” деген сөздөр кеңири айтыла баштады. Бүгүнкү саясий элита өлкөдө өтө жаман жөрөлгөнү же өнөкөттү жайылтып жатат. Кийинки президенттер деле ушуну кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эң өкүнүчтүүсү бул абал өлкөдө саясий партиялардын өнүгүшүнө бөгөт коюп, тескерисинче жаңы кландардын, касталардын пайда болушун шарттап жаткандыгында. Эгер муну башкача айтсак, анда жаңы кландарды саясий синдикат же картель деп түшүнсөк болот. Синдикат саясий партияны пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыктарында бийликке келип, бийликти колдонуп жатат. Бакиевдин учурунда элде “Балам криминалга мүчө болуптур, Кудай буюрса эми турмушубуз оңолот” деген сөздөр айтыла баштаган. Бүгүн болсо “Баланы окутуп убара болбой эле, бир чоң акчалуу саясатычыга шоопур, завхоз, секретарь кылып койсоң эле болду экен да” деген пикир жаралып калды.

— Андай болсо бүгүнкү түзүлгөн саясий системага кандай мүнөздөмө берсе болот?

— Бизде саясий лидерлер көп партиялуулук система курабыз дегени менен иш жүзүндө кландык системаны бекемдеп жатышат. Партиянын лидери өзүнүн тегерегине өзүнүн кланын топтоп жатат. Бул клан синдикат же картель сымал лидерге баш ийген, ага жан дили менен берилген адамдардын топтому. Ал адамдар лидерге санаалаш, акыл кошчу адамдар эмес, тескерисинче анын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган топ. Бүгүнкү көрүнүштөр Кыргызстанды мындан ары ушундай синдикат же картель өңдүү кландык топтор өз кызыкчылыктарында башкарып калышы мүмкүн экендигин көрсөтүп жатат.

— Бул жаман өнөкөт эмнеси менен терс таасир тийгизиши мүмкүн?

— Бул өтө кооптуу. Эгерде ар бир партиянын лидери ушинтип өзүнүн партиясынын башына клан, синдикат түзө берсе, кийин булар акырындык менен элди чоң кагышылууларга алып келиши ыктымал. Мисалы, Акаевдер качканда, М. Бакиев Айдардын мүлкүн алып калган. Бүгүн эгер бийлик алмашып калса анда азыркы президенттин тегереги да өз мүлктөрүн башкаларга өткөрүп берип калышары мүмкүн. Себеби, булардын айрымдары азыр эле ар кандай жолдор менен башкалардын мүлкүнө ээ болуп жатышканын жазып жатышпайбы. 7 жыл аралыгында булар өтө көп байлыкка ээ болушту. Жалал-Абаддагы “7-канал”, Оштогу “Ош ТВ”, “11-канал”, бир топ гезиттер бир эле адамдын колунда. Бул телеканалдарды ар кандай жолдор менен мыйзамдарды буйтап өтүп тартып алышканын айтышат. Мындай мажбурлоо, коркутуп-үркүтүү жолдору менен сатып алууларды мыйзамдуу рейдерлик же мародерлук деп айтса болот.

— Анда бийликтин 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү аябай байып кеткен деп аларды күнөөгө тартып жатканы жөн эле шылтообу?

— Ооба, бул шылтоо. 7- апрель революциясынан кийин бийликке келгендерден жалкоолор менен жатып ичээрлер эле байыбай калбаса, карапайым элден башкасынын баары байыган. Президенттин тегереги да өзгөчө байыганын Текебаевдин изилдөөлөрү далилдебедиби. Текебаев чукуй калса эле анын тегерегиндегилерге байланыштуу коррупциялык иштери ачыкталып жатпадыбы. Текебаевдин аракеттери менен чыныгы мародерлукту, Бакиевдердин мүлктөрүн азыркы бийликте олтурган адамдар жана алардын жакындары жасагандыгы ачыкталып олтурат. Эгерде Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү байыды дешсе, бийликтегилер деле алардан кем калбай байыганы, керек болсо алардан эки-үч эсе көпбүрөөк байыганы анык болуп олтурат. Бийлик өз оппоненттерин бизден байып кетип, бийлигибизге көз артып жүрүшпөсүн деген кооптонуунун негизинде куугунтук уюштуруп жатат. Себеби, 7- апрель революциясынан кийин ким гана байыган жок? Карапайым элден башканын баары байыды. Өзгөчө, ошол кезде бийликке келген наадандар, жүзүкаралар, шылуундар байыды. Себеби, Бакиевдердин убагында эле мындай шойкумдар үчүн баюу жолу чабылып калган. Бийликти пайдаланып, саясатчыны камап алып, анын байлыгын тартып алуу ошол кезде эле жолго коюлган болчу. Азыркы бийликтегилер да ошол мыйзамдуу рэкет жолун кеңири колдонуп байыды десек болот. Мисалы, К. Ташиев, М. Мырзакматовдор президенттикке кандидатураларын коёрун дайыма билдирип келишкен. Бирок, экөөнө тең кылмыш иши ачылган. Ошондон кийин экөө тең телевидениелеринен ажыраган. Алардын ТВларын мажбурлоо жолу менен тартып алган деген пикир туура. Бүгүн өлкөдө эл берген ишенимди, мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдалануу жүрүп жатканын мен эле эмес, парламент, саясатчылар, эксперттер, жалпы коомчулук көрүп, билип, жүрөгү менен туюп турат. Бирок, парламенттин колунан эч нерсе келбей калды. Азыр Конституция, мыйзамдар иштебей калды. Граждандар өз укуктарын коргой албай турган абал өкүм сүрүүдө. Эң кейиштүүсү өлкөдө болуп жаткан процесстер, саясий куугунтуктар бир ууч адамдын кызыкчылыгында эле болуп жатат. Мен дагы Ф. Куловдун президенттин тегереги деген сөзүн, бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн дедим. Эл бардыгы эки эле адамдын кызыкчылыгында жүрүп жатканын айтып жатат. Анын бири Ак үйдүн 7-кабатында, ал эми экинчиси УМКК төрүндө олтурат деп жатышат. Бүгүн өлкөдө ачык куугунтук болуп жатканын ар бир чай ичкен жерден же кухнядан айтып калышты. Бакиев да кулаар алдында жаштар «беспредел болуп калды» деп айтып калышкан. Кийин ошол жаштар чогуусу менен келип Ак үйдү курчап, Бакиевдерден акыйкат сурап, кетүүсүн талап кылышкан. Бүгүн да жаштардын арасында «беспредел болуп калды» деген сөздөр айтыла баштады. Бирок, наадандык, көралбастык, ич күйдүүлүк бийликтегилерди ачуу чындыкка моюн сундурбай, кара күчкө салып, өзүнүн саясий оппоненттерине бет тырмаалык мамиле кылууга түртүп жатат. Чынын айтсам, ММКларда бийликтегилердин байлыгы тууралуу канчалаган материалдар чыкпады. ММКлар 7-апрель революциясына чейин жөнөкөй автомобили жок жигиттердин бийликке келгенден кийин эле эбегейсиз байлыкка ээ болуп калганын жазып бүтүрө албай коюшту. Байлыктарын санай албай келди. Ошонун бардыгына тең бийлик эч кандай реакция берген жок. Акыйкат үчүн да бул байлыктардын баары маңдай тер акчага табылды деп билдирип коюуга жарашкан жок. Бирок, ошол эле учурда бийлик Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү 7-апрелден кийин байып кетти деген шылтоо менен саясий оппоненттерине «охота» уюуштуруп жатат. Ар кандай жалаалар менен Текебаев камалып олтурат. Бийликтин башка саясий оппоненттерине да кылмыш иштери катар-катар ачылууда. Бийлик наадандык менен өз саясий оппоненттерине атайы операцияларды уюштуруп, жалаанын негизинде камап алып, анан барып кылмыш курамын табуу үчүн тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Эч уялбай эле «базардагы кемпир айтты» деген негиздемеде камакка алып жатышат, эч далили жок. «Мен уккам, үчөөбүз турганбыз» деген сөзгө ишенип камакка алышууда. Кудум эле репрессция жылдарындагыдай окуялар башыбыздан өтүп жатат. Менимче, бүгүн ким кандай байыды деп бирин-бири чукугандын ордуна, өлкөнү бул туңгуюктан кантип чыгарабыз деп чогуу-чаран аракеттенишсе, мамлекетке да, элге да чоң пайда болмок.

— Президенттин кадр саясатын кандай баалайсыз? ММКлар Икрам Илмияновду өтө көп сындап жатышат. Мурда аны Баткен областын карайт дешсе, акыркы мезгилдерде аны түштүктү толук көзөмөлдөйт деп жатышат. Эл оозунда Ахмат Бакиевдин заманы кайра келди деп айтылып жатпайбы?

— Мен жогоруда айтпадымбы, Кыргызстанда бүгүн партиялык башкаруу жана партиялык саясат жок. КСДП эч нерсе чече албайт. Кадр саясаты эчак талкаланган. Президент институту кадр саясаты боюнча коомчулук менен иш алып барган жок.

Мамлекеттик бийлик мурдагы ишсиз калган жакын адамдарга, шоопур, секретарша, жансакчы, завхоз, кошелек жана алардын туугандарына кызмат берүү үчүн колдонулуп жатат. Мындай ыкма Бакиевдин доорунан бери жайылтылган. Бул бийликти кыянаттык менен пайдаланууга жатат. Мунун айынан айрым министрликтер чоң залал тартууда. Мисалы, Билим берүү министрлигине эки жолу тең бул чөйрөнү такыр билбеген адамдар министр болушту. Өлкөнүн профессорлук-окутуучу составы башкача айтканда интеллигенциянын каймагы менен иштешүүгө ушундай адамдар бекип жатат. Кадр саясатын жүргүзүү үчүн шоопур жана башкалар сынак өткөрүп, илимдин докторлорунан экзамен алып жатышат. Акыры шылдың болушуп, бул анекдотго айланып жатканын кантип танабыз?

— Кыргызстанда Дж. Соростун аты көпчүлүккө белгилүү. Ал кишинин тыйыны менен да көп иштер жасалганы айтылып жүрөт. Трамп менен Соростун ортосунда проблемалар бар экени ачыкка чыгууда. Бул тиреш бизге окшогон өлкөлөргө таасир тийгизбейби?

— Биз мурда Сорос мырза кайрымдуулукка өтө көп маани берет деп билчүбүз. Бирок, 2005-жылкы революциялардан кийин Кыргызстанда ал жана ага окшогон бай адамдар чет өлкөлөрдө кайрымдуулук жана билим берүү жаатында аракеттенебиз деген шылтоо менен өлкөгө кирип, акырындык менен өз тамырын жайып алган. Кийин керек учурда революция кылып коёт турбайбы деп чоочуп калышкан жайы бар. Бүгүн АКШда Трамп бардык байларды акчаңарды өлкөгө алып келгиле, бул жакка иш орундарын ачкыла деп жаткан учур. Ошого Дж. Сорос да сынга туш болду. Бирок, булардын өтө бай болгондугуна жараша каршы күч болуп жаткан чагы. Булар биригип кетсе акчага миллиондогон элдерди митингге чыгарып коюуга мүмкүнчүлүктөрү жетет. Ал эми чакан өлкөнүн геосаясий багытын өзгөртүп салыш, өлкөгө революция кылып коюш булар үчүн оңой эле. ММКлардын жазганына караганда Сорос 7 млрд доллар салык төлөгөн эмес.

— Саясатчыларга эмненин негизинде баа бересиз? Өткөндө Бабановду президенттик шайлоолордо фаворит кандидат болоорун айтпадыңыз беле…

— Ар кандай методдор бар. Чынында эле Бабанов күзгү шайлоолордо болуп көрбөгөндөй колдоого ээ болушу мүмкүн. Мындан башка Бакыт Төрөбаев, Темир Сариевдер да бар. Бүгүнкү Конституцияда ар кандай жолдор менен буларды нейтрализациялап койсо болот. Ошого булар тууралуу ар кандай сөздөр тарап жатат. Мисалы, бийлик Бабановго премьерликти, ал эми Төрөбаевге спикерликти сунуштаптыр деген сөз тароодо. Ошого булардын штабдары мураскерге иштейт экен деген сөздөр саясатчыларды аралап жүрөт. Бул сөздөр бир эсептен бийлик өз кандидатын кантип сүйрөп чыгышты билбей, ар кандай варианттарды караштырып жатканынан кабар берет. Бир эсептен булар менен эсептешиш керек экендигин көрсөтүп жатат. Ошондуктан биринчи турда анчейин деле биригүү болбосо керек. Бирок, экинчи турда саясатчылардын баардыгы оппозициядагы саясатчыны колдоп чыгышы толук ыктымал. Же болбосо бийлик булардын баарын коркутуп, экинчи турда мураскерге иштетиши мүмкүн. Бирок, бүгүн Кыргызстанга Текебаев-Бабанов же Текебаев-Сариев, Текебаев-Төрөбаев, Текебаев-Келдибеков дегендей тандемдеги лидерлер керек болуп жатат. Мисалы, Текебаев президент болсо, Бабанов премьер болуп, бирин-бири контролдоп өлкөгө да, элге да чоң пайда болмок деп ойлойм. Же болбосо Сариев-Бабанов, Сариев-Төрөбаев, Сариев-Келдибеков же ушуга тескери курамдагы тандемдер түзүлсө, шайлоолор кызыктуу өтүп, өлкөнүн келечегине пайдалуу болмокпу деп ойлойм.

— Өлкөдөгү саясий абал өтө татаал болуп турат. Элдин турмушу өтө начарлап баратат. Бийликтин аброю күндөн күнгө түшүүдө. Эмне себептен өлкө бүгүнкү күнгө кептелип калды? Атамбаев эмнесинен жазды? Балким, ал кандайдыр бир саясий ката кетирип алган жокпу? Кыргыздар айткандай ажыдаардын куйругун басып алган жокпу? Атамбаевдин рейтинги түшүп, эл анчейин ишенбей калбадыбы. Саясатчылар болсо андан мурдагыдай коркпой калды. Мунун сыры эмнеде?

— Мунун эң негизги себеби, өлкөдө акыйкаттык жоголду. Бакиевдин учурунда дагы акыйкаттык жоголгондо «Акыйкат» деген жаңы партия пайда болгон. Бүгүн да эл акыйкаттын жоголгонун айтып жатат. Текебаевди, Жапаровду камоолору, «атамекенчилерди» куугунтуктоолорго эл ишенбей калды. Баары тең саясат экени анык болуп далилденди. Анан калса, бүгүн Атамбаевди өлкөнүн тышында да, ичинде да мөөнөтү бүтүп бараткан президент жана саясатчы катары кабыл алып жатышат. Ошого андан бүгүн эч ким коркпой калды. Кечээ эле Текебаевди камадык деп тойлоп жатышты эле, бүгүн Эдил Байсалов ачык каршы чыга баштады. Бүрсүгүнү башкасы чыгат. Шайлоо күнү баары жабырап каршы чыгып кетиши мүмкүн. Атамбаевди саясатчылар кандай адам экенин туура түшүнүүгө, мунун ачкычын ачууга, кодун жандырууга өзү жардам берди. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой былтыр Атамбаев кыргыз элине арнап 10 ыр жазып калтыраарын билдирген. Бул билдирүүгө саясатчылар, эксперттер, тыңчылар, атайы кызматтардын баары кулак түрүп калышты. Алар президент Атамбаев ошол ырларда өзүнүн ким, кандай саясатчы экенин жана өзүнүн бул турмуштагы орду, максаттары жөнүндө билдириши мүмкүн деп ойлошту. Мага ошол ырларынан «Судьбе на зло» деген ыры эмнегедир өтө маанилүү көрүндү. Мен ушул ырында ал баарын айткандай туйдум. Мен саясатчылар менен сүйлөшкөнүмдө да алар Атамбаев «Судьбе на зло» деген ырында баарын айтып, өзүнүн мүнөздөмөсүнө чекит койгонун айтышат. Ошол ырын жакшылап угуп көргөн адам Атамбаевдин ким экенин анык түшүнө алат. Албетте, аны ар бир адам өзүнчө түшүнүшү мүмкүн. Бирок, чынында эле мага ал ошол ырында өзү жөнүндө өтө так айтып, ички сырын ачып салгандай туюлат. Мына ошол ырынан кийин эле өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленип кетти. 31-августтагы окуялардан кийин өлкө жана коомчулук карама-каршылыктарга тушукту. Андан соң Дача-СУ трагедиясы болду. Эгер эсиңиздерде болсо, ошол ырларга чейин бийлик өтө авторитеттүү болуп, бүгүнкүдөй кооптуу абал жок болчу. Бийлик өлкөнү эч кандай күчтүн жардамысыз контролго алып турчу. Бүгүн болсо, абал таптаза башка. Бийлик абалды күч менен кармап турууга аргасыз болуп жатат. Жер-жерлерде бийликтин аракетин Бакиевдин акыркы мезгилиндегидей баалай башташты. Өзгөчө жаштар жактырбай жатат. Илгери «кайда барсаң да Мамайдын көрү» дегендей, бүгүн да «Бийлик беспредел кылып жатат» деген эле сөз. Айрым жерлерде өлкө түзүлгөн абалды өтө кооптуу деп баалап, мал союп түлөө өткөрүп жатышат. Абал болсо барган сайын оорлоп баратат. Бийлик да күч колдонуудан баш тартпай келет. Атамбаев ошол ыры менен өзүн жалпы саясатчыларга жана коомчулукка каршы коюп алганы байкалып турат. Эң кызыгы саясатчылар да, эксперттер да, эл да өлкөдөгү болуп жаткан камоолор эки адамдын кызыкчылыгында эле жүрүп жатканын билип жатат. Ал түгүл кухняда чай ичкен жерде ачык эле бул процесстер куугунтук, камоолор Атамбаев менен Сегизбаевге эле керек деп айтып жатышат. Албетте, бул жерде мындай сөздөрдү таратып жаткандар бардык жоопкерчиликти буларга түртүп салууну көздөп жатышы да мүмкүн. Бирок, бийлик көшөрүп өзүнүкүнөн кайтпай жатканы анык болуп жатат.

— Демек, бийлик оңою менен артка кайтпайт десек болот экен да. Бийлик ва-банк кетти десек болот экен да. Атамбаев чын эле эски саясатчыларды өзү менен кошо ала кетем деген убадасын аткарганы жатат деп түшүнсөк туура болобу?

— Кесе айтуу кыйын. Кандайдыр бир деңгээлде десек болот чыгаар. Ошондой болгону менен Атамбаевге андай укукту эч ким берген жок да. Туура, өлкөдө коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок, бул камоолорду алда канча мурда жүргүзүшсө туура болмок. Бул камоолор, куугунтуктар президенттик шайлоолордун алдында болуп жатканы саясатчыларды да, коомчулукту да түйшөлтүп жатпайбы? Маселенин баары ушунда болуп жатат. Бул аракеттер биринчи кезекте саясий кызыкчылыктардын негизинде жүрүп жатканы оркоюп көрүнүп турат. Ошондуктан, бул бүтпөс окуяга айланып калды. Бийлик Текебаевди эптеп ар кандай жалган жалаа материалдар менен камап коюшу мүмкүн. Бирок, иш аны менен бүтүп калбайт. Бул иш кийин кайрадан жанданат да, тескерисинче бүгүнкү аны камагандар кийин өзүлөрү камалып кетиши ыктымал. Атамбаевден башкасы, себеби Ф. Кулов айткандай анын ал кезде экс-президент катары иммунитети болот.

— Атамбаев Текебаевдин иши боюнча 9 күбө бар деп билдирди эле го?

— Менимче, Атамбаевди УКМК ошентип сүйлөтүп алып жатышы мүмкүн. Бирок, УКМК кызматы тапкан күбөлөргө ишенип болбойт да. Биринчиден, алар коркутуп -үркүтүүнүн негизинде баарын моюндарына алып, айта бериши мүмкүн. Атамбаевдин мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра башкача көрсөтмөлөрдү бере башташарын күтсө болот. Экинчиден, Текебаев дүйнөлүк аренада өтө таанымал саясатчы. Кийин ошол күбөлөр же алардын тууган-уругу дүйнөлүк коомчулукка, эл аралык уюмдарга кайрылып, аларды кыйноонун, уруп-сабоонун, коркутуп-үркүтүүнүн негизинде моюнга алдырышкан деп чыгышсачы? Бул маселенин кайра каралышын шарттайт. Мунун баары бийлик өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуунун негизги булагы болуп жатканын көрсөтүп жатат.

— Коопсуздук кеңешмеге элчилерди чакырып алып, Текебаевдин иши боюнча 9 күбө бар деп билдирүү жасоо, дүйнө өлкөлөрүн Текебаевдин иши боюнча күбөлөр жетиштүү, ошого биз аны камап жатабыз деп ишендиргиси келдиби?

— Ошондой деп да айтсак болот. Себеби, Коопсуздук кеңешине элчилер чакырылбашы керек болчу да. Бийлик Текебаевди саясий негизде камалып жатат деген пикир дүйнөлүк коомчулукка да тарабасы үчүн Коопсуздук кеңешине атайы элчилерди чакырып, анан ошол жерде аларга угуза Текебаевдин иши боюнча 9 күбө бар деп президент Атамбаевди айттырып алышты десек жаңылбайбыз.

— Бирок, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин да өлкөнү өзүнүн мураскери менен башкарып турат деп жатышпайбы? Мураскер Атамбаев бекитип кеткен УКМКнын төрагасы, Генералдык прокурорго эч нерсе кыла албайт дешет го?

— Мураскер кутулгусу келсе алардан оңой эле кутулат. Эгер мураскерди булар угушпаса, баш ийбесе, анда аларга каршы Текебаевди, Жапаровду колдонуп коюшу мүмкүн. Дүйнөлүк коомчулуктун кысымына шылтап буларды боштондукка чыгарып жибериши мүмкүн. Анан аңгеменин баары ошондо башталат.

— Президент А.Атамбаевдин дүйнөлүк аренада аброю кандай деп баа бересиз? Тышкы сапарлары мурдагыдай өтпөй калгансып калбадыбы. Мисалы, өткөндө Кытайга барып, чоң проектилер боюнча сүйлөшүүлөр болот дешти эле. Темир жол маселеси чечилет дегендей маалыматтар кетип жаткан. Бирок, бул сапар эч маалыматсыз аяктап, Атамбаев өзү өргүүгө чыгып, дарыланып калып калып, өлкөгө кеч кайтпадыбы?

— Ооба, бүгүнкү күндө дүйнө өлкөлөрү Атамбаевди кетүүчү президент катары карап калды. Ошого Кытайга же башка жакка барганда аны өтө жакшы кабыл алганы менен эч кандай документтерге кол коюлбай, маселелер чечилбей калды. Бул бардык эле «кет-кети» келип калган президенттерге мүнөздүү. Путинге, Си Цзиньпинге, Трампка, Эрдоганга Атамбаевдин кереги жок. Алар эмки президенттик шайлоолордон утуп чыккан жаңы лидер менен иштешүү үчүн бардык проектилерди тоңдуруп коюшту. Жаңы лидер жаңыча шыпырат дегендей, жаңы адам менен эки өлкөнүн ортосундагы маселелерди таптаза башка нукта чечсе болот деп жатышат. Президенттик шайлоолордун жыйынтыгын күтүп калышты.

— «Дача-СУга кулаган самолёттун жүгүнүн ээси али күнчө белгисиз. Бирок, ага түрктөр 36 миллион доллар төлөгөндүгү тууралуу маалымат тарап, талаш жаратпадыбы…

— Менимче, бул кырсыкта 40тай адам курман болгондугуна байланыштуу президент, бийлик биринчилерден болуп жүктүн ээси ким экенин аныктаганга аракет кылыш керек болчу. Тескерисинче, бийлик жүктүн ээси ким экенин аныктоого киришкен Текебаевди камакка алды. Анан кантип бийликтин аброю түшпөсүн? Жүктүн ээси 36 млн доллар алды деген маалымат тарап жатса да бийлик үн катпай жатат. Бул түрдүү сөздөрдүн жаралышына түрткү болууда. Эгерде Жапаровду «Кумтөр» камоого заказ берсе, Текебаевди жүктүн ээлери заказ берген деген да божомолдор айтылууда.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: