Menu

Видео – Зарылбек Рысалиев: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз бүгүн Кыргызстанда бизге Улуу Манастын ордуна атасыз!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июнда ЖКнын жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев парламенттин трибунасынан сөз сүйлөп, президентке кайрылып, Талас облусундагы эстеликтердин абалы жөнүндө айтты.

“Мен бул ойду 2-3 айдан бери айтам деп даярданып жүрөм. Бирок, бир күнү пандемия болуп, бир күн дагы бир нерсе болуп, убакыт өтүп кетти. Ошентип, сессиянын акыркы күнүндө айтууну чечтим. Мен бул ишти Мухаммедкалый Абылгазиевге айттым эле, ал “эсте болот” деп айткан эле, бирок аягына чыкпай калды. Эми бул маселени Сооронбай Шарипович, сизге айткым келет. Сизге кайрылып, айтайын деген элем. Сизди тегеректеген адамдар бир ай, эки ай убакыт деп сизге киргизбейт экен. Ошондуктан микрофон аркылуу кайрылып жатам. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз бүгүн Кыргызстанда бизге Улуу Манастын ордуна атасыз! Таластагы “Манас-Ордо” комплекси жөнүндө айтып кетейин дедим. Аталган комплекс 1995-жылы салынган. Ошондон бери “Манас-Ордодо” бир дагы өзгөрүү жок. Манас атабыз найзасында таянган боюнча жерде турат, Аккуласы жок. Каныкей апабыз, Бакай атабыз, Кошой атабыз, Алмамбет баатырыбыз да турат. Эгерде, Манас казак, өзбек же түркмөн уруусунан болуп калса, Манаска ушундай мамиле жасайт беле? Жок, жасабайт болчу. Манас атабыз элди түптөгөн адам, ага жасаган мамилебиз салкындай болуп сезилет” – деп билдирди Зарылбек Рысалиев.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизге кайрылып жатам, сизден башканын колунан келбейт. Ошол Манас атага Аккуласын мингизип, Каныкей апабызга Сараласын мингизип койбойсузбу. Алар 25-30 жылдан бери жерде турушат. Мына, Жайыл бааатырдын эстелиги жолдун ортосунда аты жок турду эле, жергиликтүү тургундар атка мингизип коюшту. Таластагы Бердике баатырдын эстелиги жерде турат эле, аны да атка мингизип коюшту. Биз, Манастн тукуму, Манас атабызды атка качан мингизебиз?” – деди Зарылбек Рысалиев.

Ошондой эле, ал президенттин көңүлүн “Ата Бейит” мемориалдык комплексиндеги скульптуралардын абалына бурду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: