Menu

HRW түркмөн бийлигин кумсалык үчүн соттолгон артистти бошотууга чакырды

Бөлүшүү:

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Түркмөнстанда белгилүү артист жана анын өнөктөштөрү «Кумсалык» беренеси боюнча соттолгонун билдирип, Ашхабадды тез арада аларды бошотууга чакырды.

Уюмдун билдирүүсүндө шоумен 7-майда соттун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылганы белгиленген.

Өткөн айда turkmen.news басылмасы жеке булактарына таянып, Ашхабадда белгилүү шоумен, артист жана алып баруучу кумсалыкка шектелип камакка алынганын жазган. Макалада артист менен чогу анын бир нече өнөктөшү да кармалып, көпчүлүгү пара бергенден кийин бошотулганы белгиленген.

Түркмөнстандын кылмыш кодексинде гомосексуалдык мамилелер үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

2019-жылы октябрда «Азатлык» радиосуна интервью берип, кумса экнин айтып чыккан 24 жаштагы ашхабаддык дарыгер Касымберди Гараев дайынсыз жоголгон. Ал 6-ноябрда табылып, башта айткандарынын баарын төгүндөгөн.

Эл аралык уюмдар бир жыныстуу мамилелерди кылмыш катары эсептегендиги үчүн Түркмөнстандын бийлигин сынга алып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: