Кыргызстанда сутка ичинде 12 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Алар:
Бишкек шаарында – 4,
Ош шаарында – 1,
Нарын облусунда – 6,
Ош облусунда – 1 медкызматкер илдетке кабылган.
Ал эми сутка ичинде 3 медкызматкер стационардан айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 362 учур катталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ