Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирус илдетин жуктурган 620 бейтап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, ооругандардын ичинен:
– Оор абалда – 12 адам;
– Жандандыруу бөлүмүндө – 5 адам жатат;
– Орточо оор абалда – 79 адам;
– Канааттандыраалык абалда – 529 адам жатат.
Ал эми, оорудан айыккандардын саны 1181 адамга жетти. Каза болгондор 16 адамды түздү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ