Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын баса сөз кызматы бүгүн, 10-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, 6-февраль күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына Военно-Антоновка айылындагы көчөлөрдүн биринен болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 51 жаштагы Д.Э. экендиги аныкталып, ал киши колдуу болуп каза болгону маалым болгон.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жогорудагы кылмышка шектелип, 32 жаштагы А.У. аттуу жаран кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя шектүү жаран менен каза болгон кишинин ортосунда мас абалында пикир келишпестиктен улам чыкканы маалым болгон.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ