Бүгүн, 9-сентябрь күнү Бишкектин административдик сотунда БШКнын чечимине каршы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын доо-арызы каралууда. Соттук отурумда судья Анара Эгембердиева төрайымдык кылууда.
Экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу аны үчүнчү жак катары кароо өтүнүчүн келтирди. Судьянын “Иштин жыйынтыгы анын тагдырына таасирин тийгизеби?” деген суроосуна Турсунбай Бакир уулу жооп берген жок.
“Бүтүн Кыргызстандын” төрагасы Адахан Мадумаров Турсунбай Бакир уулу ишти созуп жатканын жана иш боюнча чечим ага тиешеси жок экенин айтты.
Партиянын адвокаты аларга экс-депутаттын катышуусу зарыл эместигин билдирди. БШКнын юристтери тескери пикирде. Жергиликтүү сот Турсунбай Бакир уулунун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарып, андан сот залынан чыгып кетүүнү суранды.
Белгилей кетсек, БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга аталган партиянын курултай өткөрүүдөгү эреже бузуулары жана курултайда бекитилген тизме менен БШКга өткөргөн тизменин эки башка чыкканы негиз болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ