3-ноябрда УКМК “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү Кыргызстандын М.А. аттуу жаранын кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, М.А. конституцияга каршы чакырыктарды ачык айтып, Кыргызстанда тыюу салынган Хизбут-Тахрир диний-экстремисттик уюмунун идеологиялык принциптерин жана идеяларын жайылтышкан.
Бул факт боюнча, сотко чейинки процесстин материалдары КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча катталды.
Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ