Menu

УКМК: Бишкекте жасалма акча саткан адам кармалды

Бөлүшүү:

6-мартта КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 15 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 1955-ж.т. КР жараны А.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-март күнү билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-б., 1-п. (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: