Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск айылында 17 жаштагы жаш жигит өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда журналисттерге жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Алардын айтымында, каза болгон жаран К.А. 30-майда үйүндөгү сарайга асынып алган. Ал эми анын сөөгүн энеси тапкан. Маркум 9-класстын негизинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжине өткөн. Ал быйыл 1 курсту аяктаган.
“Каза болгон бала үйдүн эң кичүүсү болчу. Ал 30-майда дайынсыз болуп жаткан. Баланы ата-энеси көлдүн жээгинен издеп жатышкан. Бирок апасы эртең мененки саат 5 тер чамасында сарайга кирип, ал жерден уулунун сөөгүн тапкан”,- дешет жергиликтүү тургундар.
Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бул маалыматты тастыктап, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ