Menu

Кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдын кесепетинен 25 жабырлануучу ооруканага кайрылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-майда Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда чыккан чек ара жаңжалынын кесепетинен жалпысынан 25 жабырлануучу Айдаркен шаардык медициналык борборуна түштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда ар кандай жаракат алган 4 жабырлануучу ооруканада дарыланууда. Экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, алардын абалы операциядан кийин дарыгерлер тарабынан оор деп бааланууда. Ал эми эки адам хирургия бөлүмүнө жаткырылган, алардын абалы орто оор. Калган 21 адам алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылган.

Жабыркагандар баардык керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз болушкан. Ал эми окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат.

Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан реаниматолог менен травматолог жөнөтүлүп, алар кесиптештери менен биргеликте жабыр тарткандарга жардам көрсөтүшүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин ооруканага 15 адам түшкөнү маалымдалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: