Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында борбордук аянтта фонтан жанды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда “Суу түтүк” муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, фонтан октябрь айында өчүрүлгөн. Ал эми деталдар кыш мезгилинде бузулбашы үчүн алынып салынган.
“Быйыл фонтан 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иштеп баштады. Мурда көбүнчө апрель жана май айларында күйгүзүлчү. Фонтандын аймагында отургучтар, ошондой эле видео көзөмөл орнотулган. Фонтан 2 жыл мурун курулуп, 28-апрелде ишке киргизилген. Курулуштун болжолдуу баасы 5 миллион сомду түзгөн”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ