Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды.
Учурда алар Айдаркен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат.
Кубатбек Бороновго жарандардын саламаттыгы жана дарылануулары тууралуу айтып беришти.
Биринчи вице-премьер-министр жабыркаган жарандардын тийиштүү дарылануусун жана аларды зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ