Бүгүн, 2-июнда түнкү саат 01.20 чамасында Баткен облусундагы Эки-Таш айыл аймагында кыргыз жаранына тажик жарандары тарабынан ок атылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
«Тажикстандан белгисиз адамдар Ош-Исфана автожолунда айдап бара жаткан кыргызстандыктын унаасына аңчылык мылтыгынан бир нече ок аткан. Ал адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Азыр милиция кызматкерлери бул жерде иштеп, тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Учурда бул иш чара болгон чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.
Эске салсак, бул эки ай ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы үчүнчү жаңжал. Буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз чек арачыларына карай миномет аткан. Атышуу учурунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын үч кызматкери жаракат алышкан. Дагы бир жаңжал май айынын аягында, Тажикстандын жарандары мыйзамсыз мал жаюуда болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ