Прокуратура блогер Элмирбек Сыдымановду сот залынан камакка алып, 6 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда блогер өзү Инстаграмдагы социалдык баракчасында билдирди.
“Прокурор мени 6 жылга камаш керек деп өзүнүн чечимин билдирди. Мен түшүнөм, ал өзүнүн жумушун аткарып жатат. Жакында дагы сот болот. Ал адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем. Анткени мен жашмын, болгону 22 жаштамын. Апам сиздердин колдооңуздарды окуп, көрүп абдан кубанып жатат. Сиздерге ыраазымын”, – деп билдирди блогер.
Эскерте кетсек, Сыдыман быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” боюнча айып коюлган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ