Новосибирск шаарынан келген 25 адам Ысык-Көл облусуна сапар тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда облустук штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-майда Бишкекке 180 адам Новосибирск шаарынан келишкен. Ал эми алардын 25и Ысык-Көл облусунун тургундары.
“Бүгүн Бишкектен 25 адам Ысык-Көлгө чыгып кетишти. Алар үй карантинине жөнөтүлөт. Эгер алардын үйүндө эч кандай шарт жок болсо, анда обсервацияга жаткырылат. Ал эми үй карантинин бузгандарга чаралар колдонулат. Мурда 3 адам үй карантинин бузгандыгы үчүн обсервацияга жаткырылган”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ