Menu

Видео – Али Токтакунов, “Азаттыктын” журналисти: “Айэркен Саймаитиден мен $100 миң алган эмесмин, мени каралап жатышат, мен акмын”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда журналисттик иликтөө жүргүзгөн “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов УКМКнын  “Айеркэн Саймаити “Азаттыктын” журналисттерин жалдап, аларга 100 миң доллар акча берген” деген билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал бул тууралуу видеону Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.

“УКМКнын менин атыма байланыштуу билдирүүлөрү – каралоо жана карандай калп. Кара пиардын өмүрү болору тарых далай жолу далилдеген. Күбөмүн деген адамдын куру, эч кандай фактыга, далилге таянбаган билдирүүлөрү, анын ичинде абактагы адамдын көрсөтмөлөрү буга чейин дагы болуп келген. Алар “гейт” деген аттар менен тарыхка кирген. Андан сырткары УКМКнын атына далай жолу наалат айтылган иштер болгон” – деп билдирди журналист.

“Айэркен Саймаитиден эч кандай акча алган эмесмин. Айэркен Саймаитиден биз, журналисттер жүздөгөн документтерди, анын ичинде өзү аралашып жүргөн иштер боюнча көрсөтмөлөрүн алганбыз. Андан тышкары, башка дагы ондогон күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде биз иликтөөлөрдү жасап, Кыргызстанда туташ коррупциянын, анын ичинде бажыдагы коррупциянын Кыргызстандан 100 миллиондогон акчаны адалдаган системанын бетин ачканбыз. Тилекке каршы, өкмөт канча убакыт өтсө дагы биз ашкерелеп берген фактылардын аягына чыкпай, иликтөөгө чекит коё элек. Бул абдан өкүнүчтүү. Тилекке каршы, анын ордуна иликтөөчү журналисттердин өзүнө каралоо жүрүп жатканы өкүндүрөт. Бирок, эл билип турат. Акты ак, караны кара деп айырмалай алат. Акырында чындык, акыйкат жеңерине ишенебиз” – деп билдирди Али Токтакунов.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/3276093429119756/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: