Ысык-Ата районунда айдоочу артка кетип, эки жашар баласын сүзүп кетти. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 14-августунда райондун ички иштер бөлүмүнө айылдардын бириндеги кырсык тууралуу билдирүү түшкөн.
Жеринде аныкталгандай, 1992-жылы туулган К.И., өзүнүн жеке “Форд Транзит” автоунаасы менен үйүнүн короосунан чыгып бара жатып, 2018-жылы туулган уулу К.А.ны сүзүп кеткен. Бала алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу” беренеси боюнча катталган. Соттук-автотехникалык жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча кылмыш курамынын жоктугу үчүн сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ