31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагына жакын жердеги кагылышуудан 187 өзбек жараны жабыркаган. Бул тууралуу Anhor.uz басылмасы Сох обладминистрациясынын басма сөз кызматына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаңжалдан жабыркагандар Сох аймактык ооруканасына жеткирилген.
“Ошол эле учурда, Фергана облустук ооруканасына 15 адам аба тез жардам кызматы менен жеткирилген” – деп айтылат маалыматта.
Эсиңиздерге сала кетсек, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 25 кыргыз жараны жабыркаганын маалымдаган. 31-майда болжол менен саат 12:30да Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекбекстандыен Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр-чатак чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Эки элдин ортосундагы чыр чатак Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда чыккан. Анда алар “булак бизге таандык” деп, сөз талашып, уруша кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ