“Буга чейин Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри Давид Курманов коронавирус инфекциясын жуктуруп алды деген маалымат чыккан. Азыркы учурда анын абалы кандай, жана канча кызматкер ушул илдеттен дарыланып жатат?”, – деген суроо бүгүн, 3-июнда маалымат жыйында берилди.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Давид Курманов бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган.
“Азыркы учурда ал өз үйүндө. Дагы бир аз дарыланып, андан соң жумушка чыгат. Мэрия бүгүнкү күнү штаттык режимде иштеп жатат” – деди Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ