Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңешинин жыйыны өттү. Анда депутат Умбеталы Кыдыралиев Ново-Павловка айыл-өкмөтүндө 30 жылдан бери 11 гектар жердин тагдыры ушул күнгө чейин чечилбей келе жатканын айтты.
“Ново-Павловка айыл-өкмөтүнүн айыл-башы, аксакал Кеңеш Айтикеев кайрылган. 30 жылдан бери аталган айыл-өкмөттө Ата-Журт, Алтын-Ордо, Тынчтык айылдарында 11 гектар жер бар. Ошол жердин тагдыры ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат. Ушул маселеге көңүл бөлүп койсоңор”, – деп билдирди Кыдыралиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ