Menu

Өзгөндө 20 000ге чукул адамдын катышуусунда айт намазы окулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-июнда Ош облусунун Өзгөн районунун борбордук аянтында 20 000ге чукул адамдын катышуусунда Орозо айт намазы окулду. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдайт.

Аталган иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов, Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, райондун аймагынан жана Өзгөн шаарынан келген тургундар катышышты. Айт намаздын алдында Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жалпы райондун элин орозо айт майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө “Орозо – сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана аруулануунун айы. Быйылкы рамазан айы жылдын эң узак жана аптаптуу күндөрүнө туш келип олтурат. Ошого карабастан күндүзү орозо кармап, түнкү убактысын ибаадат менен өткөрүп, бардык кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңүүгө ортоктош болгон бир туугандарыбыздын аракети чоң ньематтардын башаты болуп эсептелет. Орозонун шарапаты менен жетимдер, кедейлер жана оорулардын абалы суралып, кайрымдуулук колун сунгандарга эселеп сооптор берилүүчү күндөрдө турабыз! Андыктан, бул майрамда көз-жашка толгон көздөр кубанып, оорулардын көңүлдөрү жубатылып, чөккөн көңүлдөргө кубаныч тартууланып, таарынышкандар кечиришип, шаттыкка-шаттык кошулууга тийиш!- деп белгиледи. Ал эми КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов да жалпы элди айт майрамы менен куттуктап, “Өлкөдө тынчтык орноп, элибиз бейпилдикте өмүр сүрсүн. Эл ичинде ынтымак орноп өлкөбүзгө кут консун. Кармаган орозобуз кабыл болсун. Бардык ниеттерибизди Аллахым өзү кабыл кылсын”-деген тилектерин айтты. Андан соң саат 7:00дө облус казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде айт намазы окулду. Соңуда маркумдарга багышталып Куран  окулду жана келген конокторго уюштуруучулар тарабынан атайын белектер таратылды.

Эскерте кетсек, бүгүн Ош облусунун аймагында 229 мечитте жана Өзгөн районунун борбордук аянтында айт намаздары окулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: