“Жакшы иштеп жатат, жолдорду салып жатат” – деген сөзгө манчыркай түшкөнбү, айтор Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өзүнүн дарегине карата айтылган сөздөрдү четке кагып, керооздонуп сүйлөптүр.
Маселен анын дарегине “ТЭЦтеги авария убагында шаар башчы элге көрүнбөй койду” деп айтылган сөздөргө карата: “Улам эле телевизорго чыккыдай мен диктор эмесмин” деп Бишкек шаардык кеңешинде өзүн бир укмуш сезип корсулдап алды.
Биринчиден аны диктор деп эч ким айткан жок, экинчиден, андан күн сайын ТВга чыгып маалымат бер деп талап койгон эч ким жок. Болтону ошол кыйын кырдаалда элге чыкпай койгону ачык айтылса, минтип чычалап кетиптир. Бүгүн кызматта иштеп жатса, эртең кызматтан кандай абалда кетерин ойлосун. Чынында Албек мырза, дикторлукка да такыр жараксыз. Ал эми мэрлик кызмат атасынан калган эмес. Азыр башка заман. Андыктан диктаторлукка да жол жок…
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ