Menu

Видео – Эркин Асаналиев, Апрель баатыры: “2010-жылы эл Убактылуу өкмөткө аябай ишенген эле, бирок, УӨ тескерисинче жумушсуздукту, карызды, коррупцияны өстүрүп кетишти”

Бөлүшүү:

“Мен, Эркин Асаналиев 2010-жылдагы революциянын катышуучусу жана уюштуруучуларынын бири болом. Апрель революциясынын 10 жылдыгынын жыйынтыктары эмне берди? Өлкөдө эмне өзгөрүүлөр болду? Кыргызда “жөжөнү күзүндө сана” деген макал бар эмеспи, ошол 10 жылдыкка биз жаран катары баа беришибиз керек”, – деп билдирди бүгүн, 3-июнда Нарындык Апрель баатыры Эркин Асаналиев.

“2010-жылы Убактылуу өкмөттөн биз көптү күткөнбүз, ишенгенбиз, бирок алар жалпы кыргызстандыктардын үмүттөрүн актаган жок. Алар бийликке олтурары менен эле көптөгөн туура эмес иштерди жасашты, Атамбаев, Отунбаева, Бекназаров жана Шыкмаматов сыяктуу адамдарга биз көп ишенгенбиз, бирок, үмүттөр акталган жок. Биз ишенип жүргөн Атамбаевдин толтура кылыктарын көрдүк, билдик, жыйынтыгы мына, көрүп жатабыз азыр дагы: эл жыргап кеткен жок: баягы эле жумушсуздук, тышкы карыздардын өсүшү, коррупциянын өрчүшү, дагы эле мурунку системада жашап жатабыз”, – деди Эркин Асаналиев.

“Ошол эле учурда азыркы президент тууралу да калыс сөзүбүздү айтышыбыз керек. Мурун азыркы президенттин убагындай көптөгөн чиновниктер жеп ичкендиги, коррупция үчүн камакка алынган эмес, айрыкча бийликтин жогорку эшелонунда. Азыр коррупцияга каршы ошол бийликтин жогорку эшелонунда жүрүп жатат. Бирок региондордогу жана карапайым калктын социалдык -тиричилик деңгээлиндеги коррупция дагы эле улантылып жатат. Муну факты менен айтсак, мисалы Нарында моноэтникалык регион болгондуктан эл бири-бирин жакшы таанышат. Ким эмне алып жаткандыгын, ким ким аркылуу кызматка алынып жаткандыгын жакшы билип турушат.Жергиликтүү бийликтерде да ошондойлор бар: тууган-туушканын кызматка ала беришет. “Туугандуу бийде ыйман жок” дейт, ошондуктан бири-бири менен “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген принцип менен прокуратурага арыз жазсаң УКМКсы жабат, УКМКга жазсаң облустук администрация жабат. Ошондуктан президентке кайрылам: коррупция менен күрөшүүнүн эмики деңгээлин региондорго түшүрүңүздөр, Нарын облусуна да түшүңүздөр. Жергиликтүү бийликтерди тартипке салбасаңыздар маселе көбөйүп кетти. Ошондой эле Нарынга келгенде жөнөкөй эл менен жолугушууңузду суранабыз”, – деди Эркин Асаналиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: