Бишкектин “Восток-5” районунда тыюу салынганына карабастан балдар үчүн батут орнотулган. Ал эки күндөн бери иштеп жатат. Бул тууралуу окурман социалдык баракчасына жазган.
“Экинчи күн иштеп жатат. Бизге батут орнотууга уруксат берилди беле? Ал абдан кир, тазаланбайт. Көптөгөн балдар секирип ойноп жатышат. Сиздерден суранам, коронавирусту алдын алуу үчүн, мындай иштерге жол бербөө үчүн аракеттерди көрүңүз”, – деп окурман билдирүү калтырган.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев оюн аянттары жабык бойдон калаарын айткан. Анткени ал жака көп адамдар чогулат деп билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ